УКМК: “Паспорт боюнча кылмыш ишине саясий боек сүртүү аракети болуп жатат”

  • 5 лет мурун

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорт бланктарын сатып алуудагы тендерди өткөрүүдө коррупциялык ишине саясий боек сүртүү аракети болуп жаткандыгын билдирди жана бул иштин чоо-жайына токтолду.

Төмөндө УКМКнын версиясын келтиребиз.

“Тобокелдикке салынган контракт”

УКМК билдиргендей, тендерди өткөрүүдө жана уюштурууда коррупциялык белгилер бар экендиги жана ошондой эле чет элдик компания менен тобокелдикке салып пайдасыз контракт түзүлгөндүгү аныкталган.

Ошону менен бирге (253 млн. 377 миң 750 сом аз бааны сунуштаса дагы) мамлекет үчүн экономикалык жактан пайдалуу жактары каралбай, аталган компаниянын андан нары сынакка катышуусун олуттуу айырмачылыктары эске алынбай тендердик комиссия тарабынан объективдүү иш- чаралар каралган эмес.

“Тендердин башка катышуучулары негизсиз четтетилген”

—Конкурстун башка катышуучулары тендердик комиссиянын чечимине макул болбой, арыздарды жана нааразычылыктарды караган мекемелер аралык көз карандысыз комиссияга кайрылышкан.

Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү катышуучулардын арызын карап чыгып, алар негизсиз четтетилген жана көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон деп расмий корутунду чыгарган.

“Тендерде жеңүүчү компания менен байланышта болушкан”

УКМК белгилегендей, Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым жетекчилери тендерде жеңүүчү аталган чет элдик компаниянын өкүлдөрү менен байланышта болуп, алардын эсебинде чет өлкөгө чыгып турушкандыгы аныкталды.

“Укук коргоо органдары пайдасыз келишимдин алдын-алды”

—2019-жылдын февраль айынын аягында МКК кызмат адамдары тендердин жеңүүчүсү менен жаңы үлгүдөгү электрондук паспортторду даярдоодо келишим түзүүгө даярданып жаткан.

Бирок, укук коргоо органдарынын кылмыш ишин козгошу бул пландардын ишке ашышына тоскоол болгон.

Эгерде келишимге кол коюлганда, жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун баасы КР жарандары үчүн 585 сомду түзүп, конкурстан четтетилген компаниянын сунушунан 165 сомго кымбатыраак болмок,-деп билдирди УКМК.

Айта кетсек, 17-апрелде Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 319 – беренеси, коррупция боюнча кылмыш жасаган делген шек менен Каттоо кызматнын статс-катчысы Б.Д., аталган кызматтын төрага орун басары С.Р. жана «Инфоком» МИ директору А.Т. кармалган.

Аларды 15-июнга чейин камакка алуу баш коргоо чарасы каралган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты