​КСДП: “Юстиция министрлиги мыйзам бузду”

  • 5 лет мурун

КСДП партиясы, анын төрагасы Алмазбек Атамбаев Юстиция министрлиги мыйзам бузду деп Баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго арыз жазды.

КСДП партиясы Юстиция министрлиги мыйзамды, партиянын жана анын мүчөлөрүнүн укугун бузгандыгын билдирип, адилеттүүлүктү талап кылды.

“Юстиция министрлиги КСДПга тиешеси жок кыймылдын айтуусу менен, балким алар менен сүйлөшүп алып, юридикалык тараптардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизди” деп белгиленет арызда.

Ошондой эле КСДП министр М. Жаманкуловго, бул иштерди тескеген орун басары М. Есенкуловго мыйзам бузуу күтүлүп жаткандыгы тууралуу билдирилгенин айтты.

“Ушуларды эске алганда Юстиция министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлеринин иш-аракетинде биздин оюбузча, Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык кыянаттык) белгилери көрүнөт” деди КСДП.

“Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы Юстиция министрлиги юридикалык тараптардын Бирдиктүү реестрине партиянын жетекчилиги жана юридикалык дарегине киргизген өзгөртүүлөрдү мыйзамсыз деп эсептейт”.

Айта кетсек, Юстиция министрлиги Социал-демократиялык партиясынын электрондук базасындагы юридикалык жакты өзгөрткөн.

Анда жетекчинин аты-жөнү деген жерде Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахмановдун аты жазылды.

Ал эми учредитель деген жеринде Алмазбек Атамбаевдин ордуна “физикалык тарап 1 ге “ алмаштыргыла» деп көрсөтүлгөн, башкача айтканда Сагынбек Абдрахманов жазылыш керек.

Ошондой эле “Шабдан баатыр, 4Б деген дарек “Эркиндик, 45”деп өзгөртүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты