​Юстиция министрлиги КСДПнын электрондук базасындагы юридикалык жакты өзгөрттү

  • 5 лет мурун

Юстиция министрлиги Социал-демократиялык партиясынын электрондук базасындагы юридикалык жакты өзгөрттү. Анда жетекчинин аты-жөнү деген жерде Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахмановдун аты жазылды.

Ал эми учредитель деген жеринде Алмазбек Атамбаевдин ордуна “физикалык тарап 1ге “ алмаштыргыла» деп көрсөтүлгөн, башкача айтканда Сагынбек Абдрахманов жазылыш керек.

Ошондой эле “Шабдан баатыр,4Б деген дарек “Эркиндик,45”деп өзгөртүлгөн.

Калган маалыматтар өзгөртүлгөн эмес, анын ичинде кайра катталуу датасы (16.09,2016), ИНН, телефондор, электрондук дарек ошол боюнча калтырылган.

Сагынбек Абдрахманов буга чейин пресс-конференцияда Юстиция министрлигинде кайра каттоого партиянын Уставынын түп нускасы керек болот деген.

Ошондой эле Уставдын түп нускасын жана мөөрдү бербесе, сотко кайрыларын билдирген.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы КСДП кайра каттоодон өтпөгөнүн, болгону министрликке түшкөн арыздын негизинде айрым өзгөртүүлөр гана киргенин билдирди.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов.. Алар 3-апрелде «КСДПнын кезектеги 18-съезди» деп Бишкекте курултай өткөргөн. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева аны фейк-съезд деп атаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты