​Парламент Баш прокурордун жылдык ишин канааттандырарлык деп тапты

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 17-апрелде, Жогорку Кеңеш жыйынында Баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылды.

Жамшитовдун маалыматы боюнча өткөн жылы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан 38 971 мыйзам бузуу аныкталган.

Тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9948 адам тартылып, 962 иш козголгон.

Баш прокурордун өткөн бир жылдык иши канаттандырарлык деп табылды.

Өткүрбек Жамшитов Баш прокурор катары өткөн жылдын 26-апрелинен баштап кызматка киришкен.

Сүрөт: Жогорку Кеңеш басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты