Баш прокурор парламентте отчет берди

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеӊеште 2018-жылдагы мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун отчету каралды.

Өткүрбек Жамшитовдун маалыматы боюнча 2018-жылы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан 38 971 мыйзам бузуучулук аныкталган.

Мыйзам бузууну четтетүү боюнча 14 020 прокурордук актылар түзүлгөн.

Тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9948 адам тартылган, 962 жазык иши козголгон.

Мамлекетке келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун суммасы прокурордук актылардын негизинде 947 635 406 сомду түзгөн.

Мындан сырткары, мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык обьектилерди – бала бакчаларды, спорт обьектилер, билим берүү мекемелеринин имараттарын кайтаруу боюнча иштер аткарылган.

«Хизбут-Тахри»р, «Аль-Каида» сыяктуу тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын 138 веб-сайтына жана 220 интернет баракчасына тосмо коюлган.

2018-жылы издөөдө жүргөн 14 чет өлкөлүк жаран өлкө аймагынан кармалып, тиешелүү өлкөлөргө өткөрүлүп берилди.

Ошол эле маалда кылмыш иштерине байланыштуу Кыргыз Республикасы издеп жаткан жарандардын 71 чет өлкөлөрдөн алынып келинди.

Башкы прокурордун айтымында, 2019-жылдын башында киргизилген бир катар кодекстер прогресстик кадамдардын бири. Ошентсе дагы жаӊы кодекстерди колдонууда келип чыгып жаткан кемчиликтерди эске алуу менен аларды өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл жана бул багытта жумушчу топтор иштеп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты