Ангела Меркель: «Биз силердин тандооңорду урматтайбыз»

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту.

Ангела Меркель Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолу жөнүндө Германия жана Евробиримдик биле турганын белгиледи.

“Биз бул тандоону урматтайбыз. Элдин бакубатчылыгы өнүккөнү маанилүү жана биз бул жагынан сиздерге жардам бергенге даярбыз. Азыр сиздердин экономикалык көрсөткүчүңүздөр жаман эмес. Дүйнөлүк тенденцияны эске алганда 5 пайыздык өсүш жаман эмес”, — деп белгиледи Ангела Меркель.

Ал Кыргызстандын демократия жолу менен бара жатканына канааттануу билдирип, бул багытта жана башка чөйрөлөрдө кызматташтык улана турганын белгиледи.

Фитосанитария, азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн сапатын камсыз кылуу жана жашыл технологиялар багыты боюнча консультацияларды берүүгө даярбыз ”, — деди ал.

Ангела Меркель Мюнхенде өткөн кыргыз-герман форуму экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү болооруна ишеним билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиядагы жолугушуулар жана иш-чаралар, Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө айтып келип, кызматташуу маселесине токтолду.

«Биздин кооперативдер бирикмелеринин ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлат. Биз агрардык тармак чөйрөсүндө, малдын асыл тукумдуулугун арттыруу, үрөнчүлүк жана кайра иштетүү боюнча кызматташууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи Президент.

Жээнбеков менен Ангела Меркель жалпыга маалымдоо каржаттарынын алдында билдирүү жасашты.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Берлин шаарында Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков менен Вольфганг Шойбле дүйнөдөгү саясий кырдаал жана Кыргызстан менен Германиянын кызматташуусунун келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты