​Сооронбай Жээнбеков Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде, Берлин шаарында Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту.

Андагы маалыматты КР Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Сиз Германияга биринчи жолу келген жоксуз жана биздин өлкөнү жакшы билесиз. Мен дагы Бишкекте болгонмун жана сиздердин өлкө, эли жана жаратылышы мага абдан жаккан», — деп билдирди Франк-Вальтер Штайнмайер.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын өнүгүү жолу жана өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуялар тууралуу айтты.

2020-жылы Германиянын Экономика күндөрүн Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле сапаттуу кыргыз продукциясын Евробиримдиктин рыногуна чыгаруу маселесине көңүл бурду.

«Кыргызстандагы фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория системасын бекемдөөгө жардамга муктажбыз. Эки өлкөнүн агрардык кооперативдери ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү өтө маанилүү» — деди Жээнбеков.

Расмий сүрөт.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты