Президент Мюнхендеги «Pellmeyer» айыл чарба ишканасында болду

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарынын чет жакасында жайгашкан «Pellmeyer» айыл чарба ишканасында болуп, алдыңкы тажрыйбалар менен таанышканын Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган ишкананын менеджери Томас Пеллмейер уйдун кыгынан биогаз өндүрүү боюнча иштөө принциптерин көрсөтүп берди.

Анын айтымында, учурда фермада 200 дөй уй багылып, алар сүттөн тышкары биогазды өндүрүү үчүн сырьё менен камсыз кылышат.

Биринчи биогаз жабдыктары 1996-жылы курулган. Ошондон тарта ишкана энергиянын жаңыланма булактарын колдонууну кеңейтүү жана биогаз өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча Баварияда жана Германияда флагман болуп калды.

Мамлекет башчысы ишкананы көрүп чыгып, Кыргызстанда энергиянын жаңыланма булактарын колдонуу мүмкүнчүлүгү толук ачылбай жатканын белгиледи.

Бул жагынан алганда, ал бавариялык фермердин тажрыйбасын кыргыз экономикасына жакын деп баалап, бул алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө Кыргызстандын агрардык секторунун толук мүмкүнчүлүгү бар экенине ишенээрин билдирди.

15-16-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков Германияда расмий сапарда жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты