​Паспорт бланкын даярдоо боюнча бир катар жетекчилер камакка алынды

  • 5 лет мурун

«Инфоком» ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчы Данияр Бакчиев, Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынды.

Чет өлкөлүк паспорт бланкын даярдоо боюнча тендердик комиссия Garsu Pasaulis компаниясына биринчи орунду ыйгарган. Ал Компания 940 миллион 150 миң сомго бланк жиберүүгө даяр экенин билдирген.

Руслан Сарыбаев биометрикалык паспорттко бланк даярдоо боюнча тендердик комиссияны жетектеп турган.

Февраль айында IDEMIAFrance SA компаниясы тендердик комиссиянын чнчимине макул эместигин билдирген. Чет өлкөлүк биометрикалык паспортторду даярдоо боюнча өлкөгө 253 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев билдирди.

Башкы прокуратура бул боюнча 26-февралда кылмыш ишин козгогон.

“Кылмыш иши УКМКга андан ары тергөөгө берилген. Болжолдуу маалыматтар боюнча келтирилген чыгым 253 млн 377 сомду түзөт” деди ал.

Ошондой эле Замир Бейшекеев бул иштер боюнча кармалгандар тууралуу маалымат Башкы прокуратурага түшө электигин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты