​“Республика”: “Баш-аламандык жана чагымчылдык болору тууралуу көптөгөн маалымат алдык”

  • 5 лет мурун

“Республика” партиясы бүгүн, 13-апрелде, Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келбей калганын комментарийледи.

Анда партия буларга токтолду:

“12-апрелден 13-апрелге караган түнү даярдалып жаткан баш-аламандык жана чагымчылдык тууралуу көптөгөн маалымат алдык. Ар кандай булактар, анын ичинде укук коргоо органдары, коомдук жана саяий ишмерлер маалыматты тастыктады.

Бул чагымчылдык жолугушууга катышуучулардын жана өлкөнүн жашоочуларынын коопсуздугуна, өмүрүнө коркунуч келтирээри айтылып жатты.

Биз булардын баарын Өмүрбек Бабановго билдирдик. Ал Шереметьево аэропортунун учуу залынан өзү жана тарапташтары үчүн жеңил эмес чечимди кабыл алды” деп билдирди «республикачылар» 13-апрелде.

Айта кетсек, 13-апрелде Өмүрбек Бабановдун Кыргыстанга кайтышы күтүлүп жаткан. Бабанов өзү да кайрылуу жасап, элдин, Кыргызстандын коопсуздугун жогору коюп, бүгүн келбей турганын, бирок Кыргызстанга жакын арада кайтаарын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты