​Өмүрбек Бабанов бүгүн Кыргызстанга келбей калды (Видео)

  • 5 лет мурун

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн, 13-апрелде Кыргызстанга келбей калды.

Бул тууралуу Бабанов аэропорттон билдирүү жасады.

—Кымбаттуу элим! Мен үчүн Кыргызстанда мени күтүп жаткандардын жашоосу кымбат. Мени колдогон, мага күч кубат берген менин күчүм — силерсиңер, элим. Мен силердин бирөөгө курал болууңарды каалабай турам.

Бүгүн митингге чыгууну токтотууну суранам. Кыргызстанга тынчтык, биримдик керек. Үмүтүңүздөрдү актай албасам кечирим сурайм. Убакыт өткөндө тарых өзү баа берет.

Мен үчүн Кыргызстанымдан, кыргыз элимден, тынчтык, ынтымактан башка байлык жок. Кыргыз элим, сиздер дайыма мени колдоп жүргөнсүңөр, штабымда иштеп жүргөн балдар баары Кыргызстанга кызмат кылат.

Менин тилегим — мекениме кайтып барып, силер менен чогуу сүйлөшүп, пикир алышып отургум келет. Бирок силерди үчүнчү күчтөр колдонуп кетүүсүн каалабайм. Ага эч качан жол да бербейм.

Ошондуктан, мен сиздерден бүгүнкү өтө турган тынчтык митингдерди токтотууну суранам. Мен тынчтык жолу менен келүүнү чечтим. Кудай буйруса, жакынкы күндөрү мен сөзсүз келем», — деди Бабанов.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты