​“Республика” партиясы соттун чечимине даттанат​

  • 5 лет мурун

“Республика” партиясы билдиргендей, алар соттун Өмүрбек Бабановдун келишине карата Эски аянтта митинг өткөрүүгө каршы чечимине даттанат.

“Республика” партиясы көптөгөң кыргызстандыктардай эле президенттикке экс-талапкер, белгилүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатат.

«Көп жарандар Өмүрбек Бабановду “Манас” аэропортунан тосуп келгиси келет. Бирок аэропорт алардын баарын батыра албагандыктан, биз аны “Биримдик, адилеттик жана гүлдөп-өнүгүү” деген ураан алдында Бишкектин Эски аянтынан тосуп алалы дегенбиз.

Бирок Бишкек мэриясына берген билдирүүбүзгө Биринчи Май райондук сотуна чакыруу алдык. Ал жакта бүгүн сот отурумунда Эски аянтта иш-чара өткөрүүгө тыюу салынды.

Биринчи Май райондук акимиаты Эски аянтта Саламаттык сактоо министрлиги 13-апрелде Бүт дүйнөлүк ден соолук күнү белгилээрине шылтады.

Бизге Горький скверин сунуш кылды. Саламаттык сактоо министрлигинин иш-чарасы саат 13.00 дө болот экен. Биз болсо Өмүрбек Бабанов менен жолугушууну саат 14.00 кө белгилегенбиз. Биз соттун чечимине даттанабыз” деп билдирди.

Айта кетсек, Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандан чыгып кеткенине бир жарым жыл болгон. Жакында ал Кыргызстанга кайтаарын айткан.

Бабановго козголгон эки кылмыш ишинин бири жабылган. Улуттар аралык кастыкты козуткан беренеси боюнча айыбы дагы эле мойнунда.

Сүрөт:»Республика» партиясыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты