Алтынбек Сулайманов: «Чокулап реформа кылбаш керек»

  • 5 лет мурун

Өкмөт өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын алдында отчет берди.

Талкуунун жүрүшүндө «Бир бол» фракция лидери Алтынбек Сулайманов кайталанма жооптору үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди сынга алды.

«Кайра эле «кылыш керек», «кылыш керек». Качан? Качан кыласыңар?», — деп нааразы болду Сулайманов.

«Эч нерсе байкалбайт. Ички дүң өнүмдүн 3,5% өсүшү – бул ийгилик эмес. Экономиканын 60-70% көмүскөдө. Эгер схемаларга каршы чыныгы күрөш жүргүзүп, салык, бажы жана башка тармактардагы схемаларды жойсо, анда ички дүң өнүмдү кыйла тез өстүрүп, 3,5% эмес, 30% жеткирсе болот. Болгону көмүскөдөн чыгаруу керек», — деди Сулайманов.

«Мен сиз менен макулмун. Кеп ага кандай жол менен жетүүдө. Бул боюнча биздин көз карашыбыз туура келүүдө», — деп жооп берди премьер-министр.

Сулайманов ошондой эле чокулап реформа кылбай, кардиналдуу кадамдарга барыш керектигин айтты. Мамлекеттик ишканаларды көбөйтпөй, жеке колдорго берип жана экспортко тоскоолдук кылган, акча курсун кармабаш керектигин билдирди.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты