​Оор кылмышка шектүү Дөө Чыңгыз кармалды

  • 5 лет мурун

Укук коргоо оор кылмышка шектелген Дөө Чыңгыз кечээ, 12-апрелде кечинде кармалганы кабарланды.

Буга чейин Ички иштер органдары тарабынан оор кылмыш ишине шектүү, 1981-жылы туулган Чыңгыз Жумагулов же“Дөө Чынгыз” издөөгө алынганы маалымдалган.

2019-жылдын 9-апрель түнү бети- башынын жаракаттары менен 25-35 чамасындагы эки жаранды Бишкектеги “Камэк” менчик клиникасына белгисиз бирөөлөр жеткирип келишкен.

Алардын экөө тең алган жаракаттарынан улам, ооруканадан көз жумган.

Аталган кылмыш ишине шектүү Чүй облусунун тургундары 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. аттуу жарандар камалган. Үчүнчү шектүү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылынын жашоочусу 1981-жылы туулган Чыңгыз Жумагуловго (Дөө Чыңгыз) издөө жарыяланган.

Алар уюшкан кылмыштуу топ мүчөсү катары ИИМ каттоосунда турат жана мурда бир нече жолу соттолгон.

Сүрөт: ИИМ.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты