Искандаров эмне себептен кызматтан алынган?

  • 5 лет мурун

Өкмөт башчы Абылгазиевден парламенттик көпчүлүк коалиция жыйынында депутат Таабалды Тиллаев Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Каландаровдун кызматтан эмне себептен алынганын сурады.

Өкмөт башчы минтип жооп берди:

—Аны мамлекеттик кызматтын этикасын бузгандыгы үчүн кызматтан алдым. Раззаковдун күнөөсү тастыкталса, ага да чара көрүлөт. Бирок ошону мага айтпай, башка жерде айтып жүргөнү мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт, -деди.

Айта кетсек, Чек ара маселеси боюнча Өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров 9-апрелде кызматтан алынган.

Искандаров вице-премьер Жеңиш Раззаковду тажик атайын кызматтарынын кызыкчылыгына иштеген деп депутаттар арасында айткан . Улуттук Коопсуздук кызматы ал айыпты төгүндөгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты