​Бабановду тосуп алуу митингине уруксат берилбей жатат

  • 5 лет мурун

Бишкек мэриясы эртең, 13-апрелде, Ала –Тоо аянтында “Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтышына карата митингге уруксат бербей жатат.

Бул тууралуу “Республика” партиясынан билдирди.

Бул маселеге байланыштуу алар Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылышты.

Бишкектин Биринчи Май районунун акими Токтосун Султанов 13-апрель күнү Ала-Тоо аянтында Саламаттык сактоо министрлигинин иш-чарасы пландалганын, «республикачыларга» митинггди башка жактан өткөрүүгө туура келээрин айтып чыкты.

Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга келээрин жарыя кылып, анын тарапташтары Аянтта тосуп алууга ниеттенишкен.

Тынчтык митинги ошол күнү Бишкектен башка, Талас, Нарын, Караколдо да өткөрүлмөк болгон.

Бабанов бир жарым жылдан бери чет өлкөдө жүргөн.

Президенттик шайлоодон кийин ага эки кылмиш иши козголгон. Бири—улуттар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн делсе, экинчиси бийликти күч менен басып алууга аракети үчүн.

2017-жылы ал президенттик шайлоого катышып, марага экинчи болуп келген.

Президенттик шайлоодон кийин Бабанов тарапташтарын бийлик тынч коюшу үчүн өлкөдөн чыгып кетип, партиядагы мандатын ташпырып жана саясатка бир жыл аралашпай коюу шартын аткарганын НТС каналына интервьюсунда айтты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты