​Оор кылмышка шектелип Чыңгыз Жумагулов же “Дөө Чыңгыз” изделип жатат

  • 5 лет мурун

Ички иштер органдары тарабынан оор кылмыш ишине шектүү, 1981-жылы туулган Чыңгыз Жумагулов же“Дөө Чынгыз” издөөгө алынганын ИИМ басма сөз кызматы маалымдады.

2019-жылдын 10-апрель күнү болжол менен саат түнкү саат бирлерде Бишкек шаарынын ИИБке маалымат келип түшкөн.

Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан “Камэк” менчик медициналык клиникасынан алган жаратынан өзүнө келе албай, болжол менен жашы 30-35 чамасындагы азиат түспөлдүү белгисиз адам көз жумганы тууралуу маалымдалган.

Аталган билдирүү боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу, ИИМдин Криминалдык милиция кызматы “Камэк” жеке менчик медициналык клиникасына барган.

Анда аныкталгандай, 2019-жылдын 9-апрель күнү болжол менен саат 23:40 чамасында бети- башынын жаракаттары менен 25-35 чамасындагы эки жаранды белгисиз бирөөлөр жеткирип келишкен.

Алардын бирөө Талас облусунун тургуну, 45 жаштагы И.А. өор жаракаттан улам саат 00:20 да көз жумган.
Экинчиси да азиат түспөлдүү, болжол менен жашы 25-30 чамасында саат 10:00 дө көз жумган.

Экинчиси Талас облусунун тургуну 36 жаштагы У. А. экендиги такталган, Мурда тоноо жана карактоо фактылары менен соттолгондугу аныкталган.
Бул материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренеси (денеге оор залал келтирүү менен адам өлтүрүү) катталган.

Аталган кылмыш коомдук коркунуч жараткандыктан аны иликтөөгө ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тартылган.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Баш айлынан ооруканадан каза болгондордун бирине таандык “Ауди С-6” үлгүсүндөгү автоунаа табылып, ичинде кандын тактары бар экендиги, андан сырткары “ПМ” үлгүсүндөгү тапанча эки магазини жана дүрбү, уюлдук телефондор табылган.

Аталган кылмыш ишине шектүү Чүй облусунун тургундары 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга камалды.

Криминадык милиция кызматынын маалыматы боюнча алар уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү катары ИИМ каттоосунда турат жана мурда бир нече жолу соттолгон.
Оор кылмыш ишине тиешеси бар үчүнчү шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылынын жашоочусу 1981-жылы туулган Чыңгыз Жумагуловго (Дөө Чыңгыз) издөө жарыяланды.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты