​“Ар бир облуска “Кыргыз туризм” өкүлү бекитилиши керек”

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында Туризмди өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

2018-жылдагы туристтик маалдын жыйынтыгы чыгарылды жана «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү концепциясы сунушталды.

Вице-премьердин айтымында, өткөн жылы Кыргызстанга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн 6 946,5 адам келип- кеткен. Туристтик ишмердиктен республикалык бюджетке 107 054,9 миң сом салык төлөмдөрү түшкөн.

«Ар бир облуска «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын өкүлү бекитилиши зарыл”,- деди Өмүрбекова.

Жыйында 2019-жылдагы жайкы туристтик маалга даярдануу жана өткөрүү планы кабыл алынды.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты