​Россия Кыргызстанга 30 млн долларды берди

  • 5 лет мурун

Россия март айында Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында 30 млн доллар грант бөлгөн.

Маалымат өкмөт тарабынан жарыяланганын Economist.kg басылмасы билдирди.

Жардам республикалык бюджеттин каржы чыгымдарын жабууга, социалдык объектилерди жана аскер кызматкерлерди үчүн турак-жай курууга, социалдык тармактагы айлык акыларды төлөөгө жумшалат.

Грант бөлүү боюнча келишимге Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары учурунда кол коюлган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты