Жээнбеков: «Лидерликке умтулган саясатчылар таймашы басымдуу»

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелдеги парламент жыйынындагы сөзүндө келерки жылдагы парламенттик шайлоо, саясий партиялардын абалына да токтолду.

«Эмдиги жылы парламенттик шайлоо болот.

Шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей укуктар камсыз кылынат.

Шайлоо эрежелери бир жыл мурда белгилүү болуп, андан кийин өзгөрбөйт.

Зарыл болгон мыйзамдар алдын- ала кабыл алынып, жалпыга маалым болот.

Бардык партиялар оюн эрежелерин алдын- ала билип, теӊ атаандаштыктын шартында шайлоого катышат» деди ал.

Андан ары Президент саясий партияларда жаңы саясий маданиятты калыптандыруу керектиги тууралуу билдирди.

«Партиялардын ичинде демократия орногондо гана өлкөдө демократия, парламенттик демократия калыптанат.

Бизде азырынча программа, идеялардын эмес, лидерликке умтулган саясатчылардын таймашы басымдуулук кылууда» деп белгиледи мамлекет башчы.

Сүрөт: Жогорку Кеңеш басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты