Иса Өмүркулов: “КСДП де-факто жана де-юре экиге бөлүндү. Бирок фракция коалицияда калат”

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 10-апрелде, Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Иса Өмүркулов КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияда каларын, ким кааласа, коалициядан чыкса болорун билдирди.

—Партиянын бир бөлүгү оппозиция болсо, буга мыйзам жол берет. Фракция чечтик, коалицияда калабыз, коалициялык көпчүлүктө болобуз.

«Республика Ата-Журт” коалицияга кошулушуна мыйзам каршы эмес. Ал жерде “кошулууга болбойт” деген болсо, анда кошулбаса болмок. Кошулушу мыйзамдуу.

Көпчүлүк коалиция бүгүн бар, иштеп жатат. Ал эми коалициянын ар бир фракциясы коалицияда болобу же болбойбу, өздөрү чечет.

Экинчиден, КСДП бүгүн де-факто жана де-юре экиге бөлүндү деп айтсак болот: экс-президентти колдогондор жана бүгүнкү курсту, мамлекетте болуп жаткан иш-чараларды жана бийликти колдогон биздин партиялаштар,

Ынтымакта, ыңкылапка жол бербей, өз вазипабызды аткарыш керек. Биз бир Жогорку Кеңешпиз. Бүгүнкү күндө көп маселе бар. Ынтымакка чакырам, Искак Апсаматович сизди баш кылып, -деди Иса Өмүркулов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты