​Салык карызын кыскартуу айлыгы

  • 5 лет мурун

Апрель айында «Салык карызын кыскартабыз!» аттуу бир айлык жарыяланды.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда аймактык салык органдары салык карызын өндүрүү, кыскартуу боюнча иш алып барышат.

Карызды мажбурлап өндүрүү материалдары сотко өткөрүлөт, салык төлөөчүнүн мүлктөрүнө каттоо жүргүзүлөт, алыш-бериш эсебине салыктык төлөм талаптары коюлат, банк эсептери жабылат, карыздар субъекттердин жетекчилери жана башкы бухгалтерлери административдик айыптарга ж.б. тартылат.

Ошол эле учурда салыкчылар тарабынан жер-жерлерде салыктарды жана эсептелген төлөмдөрдү өз убагында жана толугу менен төлөө зарылдыгы тууралуу салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүрөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты