​Жамгыр жана айрым жерде кар жаашы мүмкүн

  • 5 лет мурун

10-апрелден 12-апрелине чейин Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөп бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Күндүз абанын температурасы төмөндөйт.
Сүрөт: «ПолитКлиника». Жазгы Ысык-Көл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты