Акыйкатчы Мурат Суталинов боюнча кайрылуу жасады

  • 5 лет мурун

Акыйкатчы Токон Мамытов абакта жатып оор дартка кабылган Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов боюнча кайрылуу жасады.

Анда Мурат Суталинов №47 абактан саламаттыгы боюнча Акыйкатчыга кайрылганы айтылат.

Айыпталуучу Суталинов Бишкек шаардык сотунун судьясы Сыдыгалиев оор дартына карабастан Кылмыш-Жаза кодексинин 71-беренеси (1997-жылдагы редакцияда) боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечимди кабыл албай койгонуна даттанган.

Атайын медициналык комиссиянын корутундусу менен Суталинов оң бөйрөгүнөн рак дартына чалдыгып, паллиативдик жардамга муктаж болгондугу айтылат.

Азыркы учурда дарты өтүшүп, рактын акыркы, төртүнчү стадиясына жеткендиги белгиленген.

Акыйкатчы Жаза аткаруу кызматы Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча кайрылган, бирок аны Ленин райондук сотунун судьясы Б. Сыдыгалиев четке каккандыгын, судьянын чечими эл аралык ченемдерге да туура келбесин белгилейт.

Ошондон улам Бишкек шаардык сотунун төрайымы Н. Воронцовага Жаза аткаруу кызматынын УКМК экс-башчысын бошотуу көрсөтмөсүн эске алууну, Соттор Кеңешине соттордун айыпталучуларга мындай аёосуз мамилесин карап чыгуу, Жогорку Сот төрайымы Калиевага бул маселеге көңүл буруу боюнча кайрылуу жасады.

Айта кетсек, УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суалинов 2010-жылдын 7-апрель окуясындагы бир канча жүздөгөн жарандардын шейит кеткендигине айыпталып, үй-мүлкүн конфискациядоо менен 25 жылга эркинен ажыратылган. Абакта жатып ал оор дартка кабылган.

Кечээ жакында айыпталуучунун жубайы Гүлнара Суталинова Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары учуоунда фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты