“Манас” аэропорту Алматыдан биринчи авиа каттамды кабыл алды

Жаңылыктар

“Эл аралык “Манас” аэропорту Qazaq Air авикомпаниясынын Алматы-Бишкек каттамын биринчи жолу 5-апрелде кабыл алды.

Бул туралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Авиа каттам жумасына эки жолу, жума жана жекшемби күндөрү ишке ащырылат.

Учуу убактысы-- 30 мүнөт.

Бул жылдын май айында аталган авиакомпаниянын учактары Алматы-Ош багыты боюнча да каттай баштайт.

Сүрөт: "Манас" аэропортунун басма сөз кызматыныкы.

Жаңылыктар"Манас аэропорту""Алматы-Бишкек"