​Сот айыпталуучуну кыйноого алган милиция кызматкерлерин актап жиберди

  • 5 лет мурун

4-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту (төрайымы Зульфия Сагитова) айыпталуучуну кыйноого алган милиция кызматкерин актап жиберди.

Аларды кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп гана тапты.

Бул тууралуу Кыргызстандагы кыйноого каршы коалиция маалымат берди.

Аталган коалиция белгилегендей, Ю. Пиригам аттуу жарандын арызы менен ИИМдин Баңчилик менен күрөшүү боюнча Башкы башкармалыгынын оперкызматкери жана Чүй ИИБ тергөөчүсү айыпталуучуну кыйнап, кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы боюнча сот алдында жооп беришти.

Бул милиция кызматкерлеринин кесибине тиешелүү маселе деп, кылмыш ишин жабык түрдө карашты. Кыйноо боюнча айыпталып жаткан кызматкерлер сот иши жүрүп жатканда да кызматынан четтетилген жок.

Сот Зульфия Сагитова милиция кызматкерлерин Кылмыш-Жаза кодексинин 305-беренеси (1997-жылдагы) боюнча айыптап, бирок кылмышынын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу аларды жазага тарткан жок. (Сот эски да, жаңы да кодекс боюнча бул кылмыш анчалык оор кылмышка кирбей турганын билдирди) . Кылмыш жасалгандан бери үч жыл өткөн, ага жаза берүүгө болбойт деди сот.

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин кыйноолор боюнча 305- беренеси боюнча сот кылмыш ишин тапкан жок.

Кыйноолордон жабыр тарткан Ю. Пиригам аттуу жаранга укуктук жагынан жардам берген Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициясы жана “Эркиндик үнү” коомдук фонду соттун чечимине сын көз карашта экенин билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 11-беренесине ылайык, анчалык оор эмес кылмыштарга атайын жасалган, мыйзам боюнча беш жылдан ашык эмес жаза мөөнөтү каралган кылмыштар жана этият эместиктен жасалгангандар кирет.

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси 5 жылдан сегиз жылга чейин, үй-мүлктү конфискациялоо менен жазаланат. Бул жеңил кылмыш болуп эсептелбейт, оор кылмыш.

Ал кызматкерлер кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган, бирок дагы эле иштеп жатышат. Сот өкүмдө айыпталуучулардын укук коргоо системасында иштей берээрин же иштебей турганын аныктаган жок.

Маалымат Кыргызстандагы кыйноого каршы коалиция тарабынан берилди.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты