Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш жыйынында 4-апрелде экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды.

Анда жыйынга катышкан 114 депутаттын 111 и мыйзам долбоорун колдоду, 3 депутат каршы чыкты.

Мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнүн авторлорунун бири Исхак Масалиев өзү каршы добуш берди, ошондой эле Анвар Артыков жана Асел Кодуранова да каршы болушту.

Мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнүн демилгечилеринин бири Масалиевдин каршы болгону Курманкул Зулушев экөө экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-беренени алып салууну сунуштаган. Алардын айтымына караганда, “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоорунун 12-беренеси замандын талабына жооп бербейт.

Ал эми өзгөртүүлөрдөн кийин алып салынсын деген берене алынбай, кайра күчөтүлүп берилип калган.

Экс-президент мамлекет башчысы болуп тургандагы жасаган кылмышы үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу боюнча кол тийбестигинен ажыратылат. Ал президент болбой калгандан кийинки кылмышы үчүн жалпы жарандар катары жазасын алат.

Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзам долбоору Президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Исхак Масалиев жана Курманкул Зулушев иштеп чыккан “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери” тууралуу мыйзам долбоорун депутаттар өткөн жыл аягында биринчи окууда кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты