​Депутат Ормонов: “Мурат Суталиновду оор дартынан улам бошотуу керек”

  • 5 лет мурун

Депутат Улукбек Ормонов 4-апрелдеги Жогорку Кеңеш жыйынында Улуттук Коопсуздук Комитетинин мурдагы башчысы Мурат Суталиновду оор дартынан улам мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин көтөрдү.

Ал Азиз Батукаевдин кандай бошотулганын, анын чынында лейкоз деген оор дарты болбогонун эстеш керектигин эскертти.

—Мурат Суталинов чын эле сыркоо экен, аны тастыктаган медициналык консилииумдун корутундусу бар. Сот калыс чечим кабыл алыш керек. Мен аны кандай айыпталып жатканына караган жокмун, алөз жазасын алды. Азыркы абалы тууралуу айтып жатам, ал рактын 4-стадиясы менен ооруйт ” деди Улукбек Ормонов.

Кошумчалай кетсек, Мурат Суталинов УКМК башчысы болуп туруп, 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяларда айыптуу деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратылган. Ал рактын акыркы стадиясы менен ооруп жатат. №47 абакта жазасын өтөөдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты