​Ирина Карамушкина: “Атамбаев менен кучакташып жүргөндө бетине айта алган эмессиңер”

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Асылбек Жээнбеков КСДП катарынан чыгуу тууралуу бүгүн, 3-апрелде ЖК жыйынында билдирүү жасагандан кийин чыгып сүйлөп, Атамбаев менен кучакташып жүргөндө бетине айта алган эмессиңер деди.

—Менин айтайын дегеним, азыр эң актуалдуу маселе бул чек ара коопсуздугу. Биздин жарандар бул маселени чечип бергиле, биз чыдай туралы деп эчактан бери эле айтып келишет.

Бул маселени чечүү абдан татаал экенин билем. Буга чейин да көп нерселер жасалган.

Мына ушундай убакта партиядан чыгып жатам деп билдирүү жасоо, Атамбаев бийликти кантип басып алганын айтуу канчалык орундуу. Андан дагы Атамбаев менен иштешкен убакта эч ким унчуккан эмес, колун кысып, кучакташып, бетике айтууга эч кимдин оозу барган эмес.

Мына бүгүн “Атамбаевсиз КСДП” дегендердин съезди өттү, билдирүүнү ошол жерде деле жасаса болмок” деди Карамушкина.

ЖК төрагасы андан ары процедуралык маселе эмес деп депутаттын микрофонун өчүрүп койду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты