​“Калиевге тергөө өлкөнүн мурдагы жетекчилигине каршы көрсөтмө бер” дегенин жактоочу айтты

  • 5 лет мурун

Тергөө Улуттук энергохолдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевге өлкөнүн мурдагы жетекчилигине каршы көрсөтмө берсең, жаза мөөнөтүң өзгөрүлөт деп айтканын анын жактоочусу Бактыбек Жумашеа бүгүн, 3-апрелде, басма сөз жыйынында билдирди.

“Ал өлкөнүн мурдагы жетекчилигине каршы көрсөтмө берүү максатында мага басым жасалган” деген. Сунуш айткан кишинин аты-жөнүн айтпай эле коёюн. Өлкөнүн мурунку жетекчилигине каршы көрсөтмө берсе, жаза мөөнөтү өзгөртүлөрүн билдирген.

Бирок Калиев андай көрсөтмө берүүдөн баш тарткан” деди Жумашев.

Айта кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сегиз адамга айып коюлган. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жана Энерго холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев ж.б. бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты