«Жаза өтөп жатканда оор дартка чалдыккандар боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилиши керек»

  • 5 лет мурун

Кыйноолорго каршы коалиция жаза өтөп жатканда оор дартка чалдыккандар боюнча Кылмыш кодексине тиешелүү өзгөртүү киргизүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылды.

Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.

Камакка алынгандар оор дартка чалдыккан учурда жаза мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөмөйүнчө мөөнөтүнөн мурда, шарттуу бошотулбайт, ал эми өмүр бою эркинен ажыратылгандар жазасынын 20 жылын өтөмөйүнчө бошотулбайт. Мыйзам боюнча эркинен ажыратылгандар оор дартка чалдыкса да, жазасынын минималдуу мөөнөтүн өтөп бүтүшү керек.

Бирок мында мөнөөт коюу туура эмес, анткени оор дартка чалдыккандар медициналык көзөмөлдү талап кылат жана паллиативдик жардамга муктаж болот.Алар соттолуучуларга коюлган талаптарды аткара албай калат. Кыйноолорго каршы коалиция коюлган мөөнөт Конституциянын 22-беренесинин талаптарына, кылмыш өндүрүшүнүн гумандуулук талаптарына туура келбесин билдирет.

Ал эми 1-январга чейинки Кылмыш жана Кылмыш-Жаза кодекси минималдуу мөөнөттү өтөө тууралуу талаптарды караган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты