​Россияда миграциялык мунапыска туш келгендердин тизмеси жарыяланды

  • 5 лет мурун

Россия тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына миграциялык мунапыс берүү чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу КР Миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын 22-марты-22-апрели аралыгында Россия аймагында болуу мөөнөтүн бузуу менен жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына, Россия аймагынан чыкпастан, административдик жоопкерчиликке тартылбастан, анын ичинде “кара тизмеге” киргизилбестен өз статусун мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилди.

Бул үчүн, белгиленген убакыттын ичинде Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын бардык райондук бөлүмдөрүнө инсандыгын ырастаган документ менен (ID-карт же жалпы жарандык паспорту менен) кайрылса, ал жерлерде жаңы миграциялык карточка берилет. Андан кийин, Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген тартипте 30 күндүн ичиндемиграциялык каттоого туруш керек.

Россияын миграция мыйзамдарын бузуу менен, Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына http://ssm.gov.kg/миграционная-амнистия-для-граждан-к/шилтемеси боюнча же Миграция кызматынан расмий сайтынын “Миграционная амнистия-2019” бөлүмүнө кирип өздөрүн тизмеден текшерүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Ошону менен бирге Россияга кирүүгө тыюу салынган жарандар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайтындагы төмөнкү шилтеме боюнча өздөрүн текшерип алганга мүмкүнчүлүктөрү бар: http://ssm.gov.kg/миграционная-амнистия-для-граждан-кы/.

Бул категориядагы жарандарга Россия Федерациясынын аймагына 2019-жылдын 1-майынан тартып кирүү сунушталат.

Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарын бузуу менен Россиянын аймагында жүргөн мекендештерибизди КР Мамлекеттик миграция кызматы “миграциялык мунапысты” пайдаланып калууга жана Россия Федерациясынын аймагында жүрүү статусун мыйзамдаштырууга чакырат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот:

Бишкек шаарындагы Маалыматтык-консультациялык борбор:

+996 (312) 64 17 64

+996 (312) 65 02 57

Ош шаарындагы Маалыматтык-консультациялык борбор:

+996 (3222) 2 50 87

Ыкчам байланыш – 1899;

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынындагы Элчилигинин ыкчам байланыш номери — + 7 925 103 29 11

Ушул “миграциялык мунапыстын” алкагында негизсиз тоскоолдуктар орун алса, КР Миграция кызматынын Россия Федерациясынындагы өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча дароо байланышка чыгыңызыдар: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 12 “А”, e-mail: [email protected] жана кызуу байланыш номерлери:

+7 (925) 291 72 72;

+7 (495) 780 74 13;

+7 (495) 780 74 12;

+7 (495) 780 74 10.

Урал федералдык округунун телефону:

+7 963 450 55 00;

Сибирь федералдык округунун телефондору:

+7 395 243 67 09;

+7 923 333 07 93;

+7 963 268 72 42

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты