Абылгазиев Ак-Сай, Көк-Таш айыл жашоочулары менен жолугушту
- 5 лет мурун
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чектеш айылдардын ички жолдорунун абалын текшерди, ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылындагы орто мектепке барды.
Бул тууралуу Өкмөттун маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.
Аталган айылдын жашоочулары менен жолугушту.
Премьер Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды мындан ары карай ишке ашыруу пландары тууралуу айтып берди.
Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди жана жеринде жооптуу жетекчилерге тийиштүү тапшырмаларды берди.
Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы.
Муну бөлүшүү