​Абылгазиев Баткенге барат

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-апрелде, Баткен облусуна жумуш сапары менен барат.

Өкмөт башчы чектеш айылдардын жолдордун абалын текшерип чыгат, ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушат, орто мектепке барат.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Айта кетсек, Баткендин Ак-Сай айлында, кыргыз-тажик чек арасында, 13-мартта кыргыздар менен тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан.

Жаңжал Аксай-Тамдык жолуна байланыштуу болуп, эки тарап таш ыргытышып, каршылашууга барышкан. Чек арачылар тарабынан ок да жаңырган.

Ак-Сай айлынан жаш балдар, аялдар убактылуу чыгарылып кеткен.

Жанжалдын негизинде эки тараптан тең жабыркагандар,тажик тараптан курмандыктар болгону кабарланган.

Эки өлкөнүн өкмөттүк сүйлөшүүлөрүнөн кийин тараптар келишимге келишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты