​Украинада президенттик шайлоо өттү

  • 5 лет мурун

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 0,17% добушун эсептеп чыкты.

БШК маалыматы боюнча Петр Порошенко 24,76%, Владимир Зеленский – 23,60%, Юлия Тимошенко – 17,07% добуш алды.

Украина президентин тандоого шайлоочулардын 63,48 пайызы катышты. Бул мурдагы жылдардагы (2014 – 66,04%, 2010 – 66,76%) добуш берүүлөргө караганда азыраак.

Шайлоо 31-мартта өттү. Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 39 талапкерди каттаган.

Кийинчерээк алардын экөө саясий өнөктүккө катышуудан баш тарткан. Бирок БШК аларды рекорддук узундуктагы бюллетенден чийүүгө үлгүргөн эмес.

Экзит-полдордун жыйынтыгы боюнча бир дагы талапкер биринчи тур менен жеңишке жетише алган жок. Бул үчүн алардын бири шайлоочулардын 50% ашык добушун топтошу керек эле.

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, Зеленский жалпы добуштардын 30,4 пайызын, Порошенко болсо 17,8 пайызын алды. Ал эми оппозициялык “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко 14,2 пайыздай гана добуш топтоду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты