​Вице-премьер Разаков Евразия экономикалык комиссия жыйынына катышты

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарында Евразия экономикалык биримдиги (ЕЭАБ) өлкөлөрүнүн вице-премьер-министрлеринин жана Евразия экономикалык комиссия (ЕЭК) Кеңешинин жыйынына катышты.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Анда өнөр жай, соода чөйрөсүндө кызматташуу, ЕАЭБ жалпы эмгек рыногун түзүү, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, регламенке техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүү, ЕАЭБ жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү маселелери каралды.

Бир катар маанилүү келишимдер талкууланды. Анын ичинде ЕЭАБ мүчө-мамлекеттеринде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө Келишимдин долбоору каралды.

Ал жакта эмгектенгендердин пенсиялык укуктарын ишке орноштурган мамлекеттин жарандары менен бирдей шарттарда түзүү, эмгектенгендерге пенсия чегерүү жана бул жаатта кызматташуу максаты коюлду.

«Евразия жумалыгы» көргөзмө форумун өткөрүү маселеси каралды. “Евразия жумалыгы” төртүнчү эл аралык форуму 2019-жылдын күзүндө Кыргызстанда өтөт.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты