​Кыргызстан менен Россия ортосунда жалпы 6 млрд. доллардан ашуун суммага документтерге кол коюлду

  • 5 лет мурун

«Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жалпы 6 млрд. доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-мартта, кыргыз-россиялык региондор аралык VIII конференцияда.

Конференцияга Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Жээнбеков Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын ушул күндөрдүн башкы окуясы деп атады.

«Бул сапар кыргыз-россиялык мамилелерди жаңы тарыхый баскычка алып чыкты. Биздин сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өттү. Эки тараптуу макулдашуулардын чоң пакетине кол коюлду. Бүгүн биз 2020-жылы Россияда Кыргыз Республикасынын Жылын жана Кыргызстанда Россия Федерациясынын Жылын өткөрүү жөнүндө макулдаштык.

Соода-экономикалык байланыштарды мындан ары карай чыңдоо боюнча ачык-айкын сөз болду. Биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн жана инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Владимир Владимировичтин жеке катышуусу жана колдоосу менен биздин кызматташтыктын бардык багыттары боюнча активдүү жана ишенимдүү диалог болду», — деп баса белгиледи ал.

Кызматташтыктын гуманитардык аспектилери жөнүндө айтып жатып, Сооронбай Жээнбеков бул багытты да активдүү өнүктүрүү керектигин белгиледи. Биргелешкен маданият күндөрүн жана коомдук мааниси бар иш-чараларды өткөрүү практикасын улантуунун мааниси зор. Илимий-билим берүү чөйрөсүнө, кадрларды даярдоо жана жаштар саясатына өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жалпы 6 млрд. доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду,-деди Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты