Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 27-мартта, «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери» аттуу Сегизинчи кыргыз-россия аймактар аралык конференциясы өттү.

Иш-чара Россия Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарынын алдында өтүп жатат.

КР вице-премьери Замирбек Аскаров катышуучуларга өлкөнун экономикасындагы башкы артыкчылыктуу багыттар тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын ачылышы аяктаган соң вице-премьер-министр Россия Федерациясынын экономика министринин орун басары Тимур Максимов баштаган россиялык делегацияны ата мекендик өндүрүштөгү товарлар менен тааныштырды.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө Замирбек Аскаров россиялык меймандарга Кыргызстандын экспорттук потенциалы тууралуу айтып берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты