Сооронбай Жээнбеков: “Биринчи форум—келечектеги кызматташтыкка жалпы чектерди аныктайт”

  • 5 лет мурун

“Биринчи форум — тереңирээк интеграцияга жана өз ара тыгыз аракеттенүүгө, келечектеги кызматташтыкка жалпы чектерди аныктайт деп ишенем” деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан-Россия ректорлорунун биринчи форумунда.

“Буга байланыштуу Кыргызстан альтернативдүү энергетика жана гидроэнергетика, сууну жана тоолорду изилдөө, бийик тоо медицинасы, дары флорасын фитохимиялык изилдөө же экологиялык таза дан жана тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча илимий-билим берүү кызматташтыгы үчүн ылайыктуу аянтча болуп берээрине сиздерди ишендиргим келет.

Ошондой эле ден-соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү туризминин илим изилдөө базасын өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын потенциалын эске алуу керек.

Биздин өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү тоо кен сектору багытындагы билим берүү жана илимий-изилдөөнү өнүктүрүүгө өбөлгө боло алат” деди Жээнбеков.

Форумдун жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда 70тен ашык меморандум, макулдашуу жана келишимдерге кол коюлат

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты