​Кыргызстан жана Россия ректорлорунун форуму

  • 5 лет мурун

Бишкекте Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун «Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү — келечекке инвестиция» аттуу форуму өтүп жатат.

Ага Кыргызстандын 31 окуу жайынын ректору, Россиянын 40 окуу жайынын өкүлдөрү катышууда.

Форумга Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Россиянын президенти Владимир Путин жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форумуна кайрылуу кат жолдоп, аны мамлекет өкүлү Владимир Чернов окуп берди.

«Ушул максатта 1992-жылы эле Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу боюнча келишим түзүлгөн. Учурда Орусиянын жогорку окуу жайларында 15 миңден ашык кыргызстандык окуйт. Ал эми Кыргызстанда Орусиянын бир жарым миңден ашык жараны билим алууда»,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы мындан сырткары орус тили Кыргызстанда расмий тил катары кала турганын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты