​Фарид Ниязовдон Дастанбек Жумабековго ачык кат

  • 5 лет мурун

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго ачык кат жолдоду.

ЖК төрагасы Дастанбек Жумабековдун 20-марттагы жыйында Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуясына байланыштуу депутаттар тууралуу айткан жообуна Фарид Ниязов да жооп узатты.

“Атамбаевдин ысымы азыркы саясий элита аны каалайбы-каалабайбы, ага карабай, аты калат. Президенттер менен парламенттер чече албаган нерселер да бар. Эл, убакыт жана тарыхый илим аныктай турган нерселер бар” деди президенттик аппараттын мурдагы башчысы Ниязов Дастан Жумабековго жолдогон ачык катында.

Фарид Ниязов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда Кыргызстанда жетишилген ийгиликтерди санап өттү.

Айта кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүүдө парламент депутаттарын сындаган.

Ага парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков 20-мартта жооп узатып, Атамбаевдин башкаруусу учурундагы кемчиликтерди белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты