​Санкт-Петербургда Султан Ибраимовго арналган конференция өттү

  • 5 лет мурун

Кыргыз ССР Министрлер Кеӊешинин төрагасы болгон, көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовдун ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий конференция Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Бактыбек Турусбеков, Тынчтык Шайназаров, КМШ Парламенттик ассамблеясынын кеӊешинин башкы катчысынын милдетин аткаруучу – КМШ ПАА Кеӊешинин катчылыгынын жетекчиси Дмитрий Кобицкий, башкы катчынын орун басарлары – КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Султан Ибраимовдун кызы Элмира Ибраимова, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана тарыхчылар, эксперттер катышты.

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы Жогорку Кеӊештин өкүлү Нурбек Сатвалдиев Жогорку Кеӊеш Төрагасы Дастанбек Жумабековдун куттуктоо катын окуп берди.

«Ал иштеп турган мезгилде 126 ишкана жана кен иштеткен, кайра иштетүүчү, айыл чарба өнөр жайы сыяктуу 40 тан ашуун тармакты камтыган жогорку натыйжалуу өнөр жай комплекси курулган. Алардын арасында энергетика, машина куруу жана пахта тазалоочу өнөр жай тармактары маанилүү орунду ээлеген»,- деп айтылат Төраганын куттуктоо сөзүндө.

Ибраимовдун кызы Элмира Ибраимова «Анын өмүр жолу Дөӊ-Арыктагы МТСтин тракторчусунан тарта Кыргыз ССР Министрлер Кеӊешинин төрагасына чейин жетти» деди ал.

Депутат Каныбек Иманалиев Султан Ибраимовдун Кыргызстандын суу чарба тармагынын өнүгүшүнүн башатындагы эбегейсиз ролуна токтолду.

«Кыргыз ССРинин мелиорация жана суу чарба министри болуп иштеп турганда ондогон суу сактагычтар салынган, ал эми Ибраимов Ош облусун жетектеп турган 1968-1978-жылдары ири ийгиликтерди багындырган. Ош облусу ыкчам темп менен өнүгүү жолуна түшкөн»,- деп эскерди.

Андан соң Султан Ибраимовдун басып өткөн жолу жана бай тажрыйбасы боюнча илимпоздор чыгып сүйлөдү. Даңктуу жердешибиз тууралуу даректүү фильм көрсөтүлдү.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты