Абылгазиев Эр-Рияддагы фестивалдын жабылышына барды

  • 5 лет мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш салтанатына катышуу үчүн Эр-Рияд (Сауд Аравия Королдугу) шаарына барды.

Халид атындагы эл аралык аэропорттон Өкмөт башчыны Эр-Рияд шаарынын губернатору, ханзаада Фейсал бин Бандар бин Абдель Азиз жана САК айлана чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль Фадли тосуп алышты.

Премьер-министрдин Сауд Аравия жетекчилиги менен бир катар эки жактуу жолугушуулары күтүлүүдө

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык каvсыздоо кызматы кабарлады.

«Camel Fest» этнофестивалынын жабылышы 23-мартта өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты