​Айыл өкмөт башчы 1000 доллар пара менен кармалды

  • 5 лет мурун

УКМК Коррупцияга каршы кызматы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу, 1967-жылы туулган. С.Д.ны 1000 АКШ доллары пара алып жаткан учурунда кармады.

2007-жылы Кең-Булун айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үй куруу үчүн жалпы аянты 0,20 га жер участогу бекитилген.

Бирок көрсөтүлгөн жер участогу жергиликтүү органдарына катталбай калган. Участокту алып башка адамдарга өткөрүп берүү менен коркутуп, С.Д. аталган жер участокко зарыл болгон документтерди даярдап берүү үчүн 5 миң. АКШ долларын талап кылган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган киши УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты