​Нур-Султан шаарынын тургундары астаналыктар боюнча калат

  • 5 лет мурун

Жакында Астана шаарын Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин урматына Нурсултан деп атоо чечими жактырылган.

Ал эми жаңы аталышына карабастан, борбор шаар тургундары астаналык боюнча калмакчы деп борбор шаардык акимиаттан айтылганын Informburo билдирди.

“Президентибиздин сунушу менен биздин шаар Нур-Султан деп аталды… Ошол эле мезгилде, борбордун тургундарынын баары, биз, астаналык бойдон кала беребиз” деп айтылат акимиаттын билдирүүсүндө.

Айта кетсек, Казактандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта отставкага кеткен. 20-марттан сенаттын спикери Касым-Жомарт Токаев президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын борбор шаары Астананы Нурсултан деп өзгөртүү тууралуу сунуш киргизген. Парламенттин эки палатасы тең ал сунушту колдоп чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты