Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча 2-апрелде маалымат угат
- 5 лет мурун
Жогорку Кеӊештин 2-апрелдеги жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу маалымат угулат.
Жогорку Кеӊештин 2-апрелде пландалган жыйынында Өкмөттүн 13-мартта Баткен облусунун Ак-Сай айылында болуп өткөн чек ара окуясы жөнүндө маалыматы премьер-министрдин катышуусунда угулат.
Депутаттар узакка созулган талаш-тартыштан кийин ушундай чечимге келишти.
Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 19-марттагы жыйынында Өкмөттүн бул маселе боюнча маалыматын жабык эшик артында уккан жана Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун талкууга алган.
Муну бөлүшүү