​Ташкент менен Алматы дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын катарына кирди

  • 5 лет мурун

The Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун аныктамасы боюнча, Ташкент менен Алматы дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын катарына кирди.

Изилдөө борбору жыл сайын Worldwide Cost of Living баяндамасын жарыялап, дүйнөнүн ири шаарларындагы жашоо баасын аныктайт. Ал үчүн бирдей айлык алган адамдар турак-жай ижарасы, транспорт, азык-түлүк жана зарыл товарлар үчүн канча акча корото тургандыгы эсеп-чоттолот.

Быйыл Алматы менен Ташкент, Индиянын Бангалор, Сириянын Дамаск жана Венесуэланын Каракас шаарлары менен бирге тизменин эң аягына жайгаштырылган.

Изилдөө борборунун эсептөөсү боюнча, азыр Ташкент менен Алматыдагы жашоо Нью-Йорктогуга салыштырганда дээрлик үч эсеге арзан.

Баяндаманын авторлору Казакстандагы жашоонун арзандашын улуттук валютанын девальвациясы менен түшүндүрүүдө.

Өлкө бийлиги 2015-жылдын аягында теңгенин курсун эркин кое берген. Акыркы бир жылдын ичинде теңге доллар, евро жана башка туруктуу валюталарга карата дээрлик 50 пайызга арзандаган.

Economist журналынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө орточо эсеп менен Алматыда бир килограмм нан болгону бир доллар турат. Бул Сеулга салыштырганда 15 эсеге, Париж менен Женевага салыштырганда алты эсеге арзан.

Ал эми тамекинин кутусу Алматыда Парижге караганда дээрлик 10 эсеге, Сиднейге караганда 20 эсеге арзан болуп, баасы бир доллардан ашык. Алматыда бензин дагы Батыш Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу үч эсеге арзан.

Өз кезегинде Ташкент акыркы жылдары рейтингдеги эң арзандаган шаар деп табылды: бир жылдын ичинде андагы жашоонун баасы 14 баскычка төмөндөгөн. Ташкенттен да жашоо көбүрөөк арзандаган шаарлардын катарында Венесуэла менен Дамаск гана бар.

Ал эми Москва жана Санкт-Петербург, Киев, Прага шаарларындагы жашоо бир жылдын ичинде тескерисинче кымбаттаган. Economist Москва менен Петербургдагы жашоонун кымбатташын рублдин бекемделгени менен түшүндүрүүдө.

Өткөн жылы дүйнөнүн эң кымбат шаары деп Сингапур, Гонконг, Париж, Цюрих, Женева, Осло, Сеул, Копенгаген, Тель-Авив жана Сидней табылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты