​Парламент төрагасы Атамбаевдин сынына жооп кайтарды

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурдагы парламент тууралуу айткан сын-пикирине жооп узатты.

Атамбаев президент болуп турган кезде коррупция өнүгүп, бийлик бир колдо турганын белгиледи спикер.

“Кыргыз элин карызга батырган бул парламент эмес. Чет элден келген грант, кредиттерди өөнөп жеген бул парламент эмес. Бийликти ашыкча пайдаланып, өзүнүн оппоненттерине ар түрдүү кылмыш ишин токуп, куугунтуктаган бул парламент эмес”,-деди Жумабеков.

Айта кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясы боюнча 17-марттагы митингде парламентти чимкирикке теңеп, Жогорку Кеңеш Асылбек Жээнбековдун жетегинде калган деп салыштырган.

Экс-президенттин бул айтканы саясий маданиятка да туура келбей турганын төрага белгилеп өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты