Разаков чек арадагы чатактан жабыркагандардан кабар алды
- 5 лет мурун
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чыр-чатактын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды.
Вице-премьер тургундар толук сакайып кеткиче медициналык кам көрүлөрүн белгилеп, материалдык жардам тапшырды.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен Баткен районунун төрт жашоочусу жапа чеккен.
Муну бөлүшүү