​ “Бүтүн Кыргызстан» партиясы: «Бийлик «Супер-инфо» гезитин кысымга алууну токтотушу керек”

  • 5 лет мурун

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы “Супер-инфо” гезити боюнча билдирүү таратып, анда бийли гезитти кысымга алышын токтотушун талап кылды.

“Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жасалма айыптар менен гезит жетекчилерин тынымсыз суракка чакырып, басым көрсөтүп жатат.

Бул сөз эркиндигин кысымга алууга жана калктын ар тараптуу маалымат алуусуна жол бербөөгө тете көрүнүш.

Бийликтин бул аракети Кыргызстандын Баш мыйзамы болгон Конституциянын 31-беренесинин 1,2-бөлүмүнө, 33-беренесинин 1-бөлүмүнө карама-каршы келет. Буга жол берилбеш керек!

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы бийликтен сөз эркиндигин камсыздоону жана өлкөдөгү эң көп нускалуу гезитти кысымга алууну токтотууну талап кылат. Гезиттин миңдеген, он миңдеген окурмандары ар тараптуу маалымат алуу укугунан ажыратылбашы керек” деди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты